In primo piano

Crediti

PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Gulnur Satylganova
Composer

Testi

Сабалап келдим алдыңа
Саламат тосуп алгыла
Сагынып күткөн эл үчүн
Садага кеччү жан мына
Туйлаган жүрөк элим дейт
Туйгундар учкан жерим дейт
Тумардай ыйык ыр менен
Турмуштун жүгү жеңилдейт
Кадырлуу калкым, жазайын жарпың
Бийик бол тоодой, жылдызың жансын
Ардактуу калкым, алайын дартың
Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын
Уютку болуп өмүргө
Ушул күн калсын көңүлдө
Жаштыктан жалын тутанат
Жар салып сүйүү жөнүндө
Бекерге тартпа убайым
Белекке ырым сунайын
Береке толуп кыргызга
Бейпилдик болсун ылайым
Written by: Гульнур Сатылганова
instagramSharePathic_arrow_out