Crediti

PERFORMING ARTISTS
Съездбек Искеналиев
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Съездбек Искеналиев
Songwriter
Түмөнбай Байзаков
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
GMS music
Producer

Testi

Кокустан көрүп, көңүлүм түштү
Көргөнүм чынбы, же калпыс түшпү
Көзүңдүн оту, жүрөктү өрттөп
Кыйноого салды, ий кетирди үштү
Тилине тили, окшогон селки
Дилиме дили, ий окшогон селки
Дардисар ойго, кабылып калдым
Датымды угуп, ий телмиртпей келчи
Датымды угуп, ий телмиртпей келчи
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор
Жылдыздан мончок, ий тагылсын селки
Махабат багын, кошолу бирге
Махабат таңын, ий тосолу бирге
Сүйүүнүн сырын, ашыктык ырын
Сайрасын булбул, ий ачылган гүлгө
Кокустан көрүп, көңүлүм түштү
Көргөнүм чынбы, же калпыс түшпү
Көзүңдүн оту, жүрөктү өрттөп
Кыйноого салды, ий кетирди үштү
Кыйноого салды, ий кетирди үштү
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор
Жылдыздан мончок, ий тагылсын селки
Ырыма ыры, окшогон селки
Нурума нуру, окшогон селки
Экөөбүз бирге, чечели сырды
Эгинди бойлоп, эртелеп келчи
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор
Жылдыздан мончок, ий тагылсын
Written by: Съезбек Искеналиев, Түмөнбай Байзаков
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...