크레딧
실연 아티스트
Gulzhigit Satibekov
리드 보컬
작곡 및 작사
Gulzhigit Satibekov
작사가 겸 작곡가
프로덕션 및 엔지니어링
GMS music
프로듀서
가사
Гитарамды алам, чачты болсо тарайм,
Көчө бойлойм жашым он сегиз.
Кечелерге барам, каалаганым чабам,
Оюн курак ушул он сегиз.
Өзгөлөрдөн коруп, кызга жигит болуп,
Гүлдөп турат бүгүн он сегиз.
Үйдө турбай тынып, каалагың кылып,
Ой жок убак ушул он сегиз.
Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга,
Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да,
Өтүп кетет эртең он сегиз.
Кысылбагын демине, жакын отур периңе,
Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе,
Он гүлүңдүн бири он сегиз,
Ойно, ойно жашың он сегиз.
Сабактардан калам, эптеп шылтоо табам,
Студентмин жашым он сегиз.
Жумуштуудан өтүп, аны-муну көрүп,
Көчө курак ушул он сегиз
Кызыл гүлдү сунуп, кыз бетинен сүйүп,
Жигит курак ушул он сегиз.
Мекен үчүн ыйык, кызматыңды кылып,
Жоокер убак ушул он сегиз.
Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга,
Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да,
Өтүп кетет эртең он сегиз.
Кысылбагын демине, жакын отур периңе,
Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе,
Он гүлүңдүн бири он сегиз,
Ойно, ойно жашың он сегиз.
Өтсө кайра келбейт он сегиз.
Written by: Gulzhigit Satybekov

