Muziekvideo
Muziekvideo
Credits
PERFORMING ARTISTS
Gulnur Satylganova
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Gulnur Satylganova
Songwriter
Songteksten
Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат
Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат
Деңизге теңелер сездиңби тереңин
Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин
Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин
Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет
Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет
Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет
Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет
Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай
Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай
Түн келсе тооруган ишенгин ар убак
Күн чыга жолуңан нуруна дарылап
Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат
Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет
Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет
Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет
Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет
Written by: Гульнур Сатылганова


