Credits

PERFORMING ARTISTS
Ырыскелди Осмонкулов
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Асанкалый Керимбаев
Songwriter
Алыкул Осмонов
Songwriter

Songteksten

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба
Жаш кездердей ай... ынак сүйүү жок экен
Отуз жаштын улам аркы жагында
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен
Сүйүү деген ай... сүйүү эмес бетиңден
Сүйүү деген - сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда
Ак сүйүүдөн ай... көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы эй жагында
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн
Кош жан
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн
Унутулган учар замат түнөктөн
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн
Written by: Алыкул Осмонов, Асанкалый Керимбаев
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...