Créditos
INTERPRETAÇÃO
Ырыскелди Осмонкулов
Vocais principais
COMPOSIÇÃO E LETRA
Бекболот Эгенчиев
Composição
Шекербек Шеркулов
Composição
Letra
Арзыкан, Алайдан чыккан ээй сулуусуң
Арзыкан, агарган таңдын ээй нурусуң
Кызыгып кыздар таккандай
Кызыл бир бермет шурусуң
Айылыбыз бирге болбогон
Алда алыскы жери..ий курусун
Арзыкан, көңүлүң жумшак ээй жаздайсың
Арзыкан, пейилиң келгин оой каздайсың
Көйкөлүп басып а жүргөнүң
Көлдөгү сүзгөн каздайсың
Көңүлдөш курбуң мен турсам
Алда көңүлсүз кимди наздайсың?
Арзыкан, ак булбул конуп ээй сайраган
Аралаш гана кайың ээй тал болсоң
Аянбай ичип а ийгендей
Аякка куйган бал болсоң
Алышып ойноп жүрүүгө
Алда айылыбыз жакын жар болсоң
Алышып ойноп жүрүүгө
Алда айылыбыз жакын жар болсоң
Арзыкан, Алайдан чыккан ээй сулуусуң
Арзыкан, агарган таңдын ээй нурусуң
Written by: Бекболот Эгенчиев, Шекербек Шеркулов