Создатели

ИСПОЛНИТЕЛИ
Гульнур Сатылганова
Исполнитель
Султан Садыралиев
Исполнитель
МУЗЫКА И СЛОВА
Роза Аманова
Композитор
Барпы Алыкулов
Автор песен

Слова

Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо, Караңгы жарык болбойт, ай болбосо, Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо. Талаанын көркү кайда, гүл болбосо? Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо, Акындар ырдай албайт, тил болбосо, Душманың жазганабы, сүр болбосо? Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо? Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо, Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо. Аялдын көркү кайда, чач болбосо Тоолордун салмагы аз, таш болбосо. Узакка кабар жетпейт, кат болбосо, Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо, Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо, Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо, Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо. Көздөгөн максатыңа жете албайсың, Колуңда бардык жарак бүт болбосо. Чарбанын көркү болбойт мал болбосо Сулуунун көркү болбос кал болбосо Ар киши адашасын жол болбосо Өрдөк каз кайда конот көл болбосо Арчанын саясы жок, шак болбосо, Булбул куш кайда конот,бак болбосо Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо Аргымак ат арыбайт, бел болбосо, Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо, Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо! Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!
Writer(s): барпы алыкулов, роза аманова Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out