Lyrics

Илгери илгери Бир саясатчы жөнүндөгү сөзүм белгилүү жомоктой Угулушу күлкүмүштүү кээде Бирок көпчүлүгүндө мааниси кошоктой! Анткени, бул байкенин бай экени Билинген деле эмес буту бар чолоктой Ак үйдөн бери чыгып жолдо жолуккандын баарын Алдап кетти тоголоктой колобоктой! Мен эгерде губернатор болгондо Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министриң болгондо Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо Аэропортко жолобойм жоголгонго! Жөнөкөй жаран болгондуктан Шылтоолоруңуздан биртоп уккам! Чындык чымчыктай учпайт оозуңуздан Көйнөк таза бирок жолуңуз чаң! Же калпбы? артка тартты каада салт Же жалпы кыргыз калкым өнүккүсү келбей калыптыр Чирип тарыхы, төгүлүп чачылып Тамчылап чогулткан мурасынын баркы! Мен мектеп куруп берем бала бакчадан Эптеп туруп эле чала баштасам! Мага тендер менен которулган акчадан 100дөн беш пайызы өзүн өзү актаган! Мен да карапайым элдей Өтө көп термелбей, өсүп келгендей Мен дагы биртууганым сендей Өлө тердейм элим учун түтөп берген керней! Кхмммм Өлүп кетейин! Мен паракор эмесмин, өлүп кетейин! Ишеничиңерди бергилечи мага Дал ошондой адамдарды кармап Бирден камап түбүнө жетейин! Нан урсун(Нан урсун) өлүп кетейин! Казынанын эсебинен алып Балдарымды чет өлкөгө эч качан жибербейм Кыргыз элим жок, жок, жок мен антпейм! Себеби Мен эгерде губернатор болгондо Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министриң болгондо Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо Аэропортко жолобойм жоголгонго! Оңой жумуш сенин эле акчаңа Жардамга аба менен учуп барганга сага Болду эми анча арданба Мендей саясатчы сендей менен тандалган! Бирок кеч эмес өзгөртүүгө баарын Бизди кетирбесең кетирет балдарың Же кетирбейби? Мен билбеймин Көргөн эмесмин кантип тарбияланганын! Маселенин башындагы сенсиң, аягында мен Жетишинче жеп кеткен Ар бир эркектен ийгиликтүүрөөк болуш үчүн Добуш үчүн баарыңарга жем сепкем! Менин элим, менин жерим Мени колдоп жаткан байкелерим, силерге таазим терең! Менин элим, менин жерим, салык төлөп менин Үй-бүлөөмдү бакканыңды эч бир унутпай келемин! Мен эгерде губернатор болгондо Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министриң болгондо Аракет кыламын тез оңолгоңго! Мен эгерде президент болгондо Аэропортко жолобойм жоголгонго! Мен эгерде губернатор болгондо Эң биринчи көңүл бурам жолдорго! Мен эгерде депутатың болгондо Иштеп берем азгырылбай сомдорго! Мен эгерде министриң болгондо Аракет кыламын тез оңолгонго! Мен эгерде президент болгондо Аэропортко жолобойм жоголгонго!
Writer(s): азамат закиров, сапарбеков бакытбек Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out