Music Video

Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков
Composer
Барпы Алыкулов
Songwriter

Lyrics

Беттин көркү нур менен ай Белдин көркү кур менен Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм ай белгилүү болсун ыр менен Эки илебиң кызыл гүл Ачылгандай мөлмөлүм Бир карасам жүрөккө от чачылгандай мөлмөлүм Магдай чачың маргалаң жибегиңдей мөлмөлүм Сенин ышкың баланын ай тилегиңдей мөлмөлүм Өтүмдүүсүң өзгөндүн күрүчүндөй мөлмөлүм Созулганың зергердин күмүшүндөй мөлмөлүм Майиңдигиң жоргонун жүрүшүндөй мөлмөлүм Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн Гүлзар кылчы жүрөктүн ай какшып жаткан чөлдөрдүн Гүйдүм мөлмөп аппагым ааламда сендей таппадым Издеп-издеп күнү-түн "мөлмөлүм"-деп какшадым Секин баскан бутуңдан сейдана мончок жытыңдан Кадам койгон бутуңдан ай калемпир мончок жытыңдан Чыныга куйган бал болсоң Чымындай ага малынсам Чыга албай жатып ошондон Чын өзүңө багынсам Чыгарып койсоң боор ооруп Чырагың болуп жагылсам Алты оролуп мойнуңа мен Ак маржан болуп тагылсам Берейин десем малым жок Мал табууга алым жок Кедейликтин дартынан Тышым жалын, ичим жок Бирок да мунун баарына Карабайт экен көңүл шок Көрүнүп койсоң бир жолу Булуттан чыккан айга окшоп Көрүнүп койсоң бир жолу Булуттан чыккан айга окшоп
Writer(s): барпы алыкулов Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out