Credits
COMPOSITION & LYRICS
Zere Asylbek kyzy
Songwriter
Chagaldak Zamirbekov
Songwriter
Darina Manasbek
Songwriter
Marcos Cisneros
Songwriter
Zuura Baisalova
Songwriter
Jibek Maadanbekova
Songwriter
Shabdan Demisinov
Songwriter
Lyrics
Баштыгын асынып алган
Көздөрү бираз кызарган
Шашпай акырын баратат
Шымдары чаңга булганган
Не болду экен бул байкеге?
Бараар бир жери бар беле?
Мен болсом, атын да билбесем
Же сурасам, атаар бекен?
Чоң атама бир окшоп кетти
Чуркап бир кучактагым келди
Чай ич деп үйгө чакырганча,
Ал киши баскан бойдон кетти
Чоң атам шашкан бойдон кетти
Чоң кадам аткан бойдон кетти
Кайра келберин бир билсем ай
Кой деп бир үйгө киргизсем ай
Кыйкырайын десем, үнүм такыр угулбайт
Кыйналып ыйлагым келсе, эл бир башкача карайт
Байкап көрсөм, ар бир жерде жазылган тура
Ырдын баары кошок болуп ырдалган тура
Аңгемелер ушун үчүн айтылып турат
Ар бирөөнүн үнүндө чоң атам угулат
Садагаң кетейин, китеп окуп жүргүнүң
Жасаган ишиңди жакшылап бүтүргүнуң
Такай тыңдап, угуп туруп, анан сүйлөгүн
Шашпай ой-кыялдарыңды көздөй жүргүнүң
Түшүнүп калыптырсың, садагаң кетейин
Чоңоюп калыптырсың
Мен эми кетейин
Кеттиңизби, чоң ата?
Мейли, пока!
Ай, пока дегениң эмне? Кыргызча сүйлөда.
Кош болуңуз, Чоң Ата!
Written by: Chagaldak Zamirbekov, Darina Manasbek, Jibek Maadanbekova, Marcos Cisneros, Shabdan Demisinov, Zere Asylbek kyzy, Zuura Baisalova