Lyrics

Исфана, Исфана, Араладым, издегеним сен гана, Кара көзүм жолугамбы мен сага? Жолугуп, жолугуп, Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп, А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп. Не кыласың Лейлекте? Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү "мака" дейт, Байке дебей "ава" дейт. Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай. Кой, жеңе! Кой, жеңе, Кудалаштык, жакында сен той дебе, Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе. Буулугуп, буулугуп, Коштошо албай колуң турду сунулуп, Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп. Ыйманыңа береке, Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү "мака" дейт, Байке дебей "ава" дейт. Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Writer(s): Sanjar Toktobaev Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out