Top Songs By Gulzhigit Satybekov
Credits
PERFORMING ARTISTS
Gulzhigit Satybekov
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Gulzhigit Satybekov
Songwriter
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
Lyrics
Баратабыз, багытыбыз Ош тарап
Жаным секет, күттүң бекен жол карап
Сапарымда неге сага шашылдым
Куса болуп, куса болуп
Жолугууну мен самап
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да
Мына-мына баратамын Сузакта
Сагынычтар көкүрөккө толдубу
Жаным секет, жаным секет
Тосуп алчы Фуркатта
Узун жолдо зымыраса мерседес
Кыялымда тилеп келем жетсе тез
Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай
Улам-улам, улам-улам
Жөнөтөсүң СМС
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да
Мына-мына келип калдым Куршабка
Сагынычтар көкүрөккө толдубу
Жаным секет, жаным секет
Тосуп алчы Фуркатта
Сапарыбыз эч бир койду арбыбай
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай
Келатабыз Отуз-Адыр аралап
Артта калып, артта калып
Жаны-Аргы, Садырбай
Кантем анан, Бишкек жолу узак да
Мына-мына келип калдым Фуркатка
Кусалыктар көкүрөккө толдубу
Сүйүү кушу,сезим кушу
Сени издей учат да
Сени дегдеп, самап келдим узактан
Мына-мына жолугуштук Фуркаттан
Тараганча бизде болгон кусалык
Жаным, эми, жаным, эми
Чыгарбаймын кучактан
Written by: Gulzhigit Satybekov