制作

出演艺人
Аско
表演者
作曲和作词
Анаркул Уулу Асылбек
词曲作者

歌词

Бактымды же кайгымды бөлгөнүмдө,
Барамын балыкчыдай көлгө күндө.
Алдыман тосо чуркап ак толкундар,
Ырдачу жалгыз гана мен жөнүндө.
Сыйкырдуу көздөрүңдү көргөнүмдө,
Сырдашып барчу болдум көлгө күндө.
Ымдашып жылдыз менен жаш толкундар,
Ырдады жалаң гана сен жөнүндө.
Жашайм деп толкундардын тизмегинде,
Жалгыздык айлынан кол үзгөнүмдө.
Тыңдашат бүт теребел, а толкундар,
Ырдашат кайта-кайта биз жөнүндө
Written by: Анаркул Уулу Асылбек
instagramSharePathic_arrow_out