制作

出演艺人
Самат Долотбаков
Самат Долотбаков
领唱
作曲和作词
Съездбек Искеналиев
词曲作者
Түмөнбай Байзаков
词曲作者
制作和工程
GMS music
GMS music
制作人

歌词

Кыз бурак менен гүл бурак, кыналышып бир турат
Кыз ышкына күн чубак ай, коер бекен дилди улап
Кыз күлсө гүлдү аралап, кыналат бою жарашып
Көркүнө көздөр кадалат, көңүлдөн кезек талашып
Кыз басты гүлдөр ыргалды, кыялдын бийлеп ыргагын
Күткөнсүп ушул жыргалды, кыз дагы толкуп ырдады
Гүл ачылды, гүл ачылды, кызыл жоолук салынды
Гүлүм сага, дилим сага,
неге жаным, гүл ордуна
Кармап алдым жалынды,
гүл ордуна
о-о-о-о-о-о
о-о-о-о-о-о
Кыялга сиңди жыты аңкып, кыз менен гүлдүн элеси,
Каректен улам оту калкып, кадалат ышкы жебеси
Кыз күлсө гүлдү аралап, кыналат бою жарашып,
Көркүнө көздөр кадалат, көңүлдөн кезек талашып
АСКО:
Ааламда бар кыздардан, ай гүлүмдөй жан кызарган,
Бир жакындап, бир алыстаган, сүйүү отунда мен да жалгыз калгам
Сен белең, менин тагдырыма жазылып, мени эңсеген
Бул дүйнөдө асылым, экинчи келбеген
Сүйүүмө бир гана кыял менен мендеги, сен деген
Сен менен жашоо жомок, көңүлүмө бакыт толот
Жүрөгүм катуу согот, бириксек баары болот
Жалгызым, жаным түбөлүк издеген
Эң терең бойлогон деңиздерден
Гүл ачылып, жаздын жыпар жыты терең синип
Менин кучагыма жакында келесиңби
Жайнаган гүлдөр ичинен бир сени керексиң деп
Издедим сени эстедим, кайра элесиңди
Азгырылып артыңдан ой түгөнбөс сенден башка
Акыл эсиң же жүрөгүм сүйгөнбү деп адашкам
Эсиме келдим жүрөгүм калп айталбайт эч качан
Бираз тиктеп чыдабай ушул көз караштан
Гүл ачылды, гүл ачылды, кызыл жоолук салынды
Гүлүм сага, дилим сага,
неге жаным, гүл ордуна
Кармап алдым жалынды,
гүл ордуна
о-о-о-о-о-о
о-о-о-о-о-о
Авторлор:
Съездбек Искеналиев
Самат Долотбаков
Аско
Written by: Съездбек Искеналиев, Түмөнбай Байзаков
instagramSharePathic_arrow_out

Loading...