Music Video
Top Songs By Кайрат Примбердиев
Credits
PERFORMING ARTISTS
Кайрат Примбердиев
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Арзыбек Бедияров
Composer
Эсенгул Ибраев
Songwriter
Lyrics
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш
Жалын жаш, ай, жалын жаш
Кайда калды,артта калды
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш
Жалын жаш, ай, жалын жаш
Кайда калды,артта калды
Жылаңайлак суу кечкен, сайда калды
Жылгалардан гүл терген,жайда калды
Ишке тойбой, шаң менен таң атырган
Жалын жаш, ай, жалын жаш
Жалын жаш, ай, жалын жаш
Кайда калды,артта калды
Ташты эритер сендеби чоктун деми
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылгыс аргам да жок
Кош бол, менин алтыным
Кош бол, жалын жаштыгым
Кош бол эми, кош бол эми
Айрылгым жок, айрылгыс аргам да жок
Кош бол, менин алтыным
Кош бол, жалын жаштыгым
Кош бол эми, кош бол эми
Кош бол, менин алтыным
Кош бол, жалын жаштыгым
Кош бол эми, кош бол эми
Writer(s): арзыбек бедияров, эсенгул ибраев
Lyrics powered by www.musixmatch.com